Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

ДССУнун башчысы пандемияны саясатташтырбоого чакырды


Тедрос Аданом Гебрейсус.
Тедрос Аданом Гебрейсус.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебрейсус жер шарына тараган коронавирус пандемиясын саясатташтырууну токтотууга чакырды. Бул тууралуу ал 8-апрелде АКШ президентинин сынына жооп кайтарып жатып билдирди.

«Бардык саясий партиялардын көңүлү элин сактап калууга бурулушу керек. Өтүнүч, вирусту саясатташтырбагыла. Ал силердин мамлекеттик деңгээлдеги пикир келишпестигиңерден пайдаланат. Эгер ага көнсөңөр, эгер өлүк үчүн дагы көбүрөөк мүшөк кааласаңар, анда [саясат] жасай бергиле», - деди Гебрейсус онлайн басма сөз жыйынында.

ДССУнун директору жаңы вирусту жеңип чыгыш үчүн дүйнө элине улуттук биримдик жана глобалдык тилектештик керек экенин баса белгиледи.

Андан мурдараак АКШнын президенти Дональд Трамп «COVID-19 жайылып бараткан учурда Кытайга ашкере көңүл буруп туруп алды» деп ДССУну айыптаган. Трамп ДССУга негизги каржыны АКШ берерин, каржылоо маселесин караштырышарын кошумчалаган.

Дүйнөдө коронавирус жукканы аныкталгандар 9-апрелде 1,5 миллон кишиден ашты. Анын ичинен 89 миңдей киши өлсө, 333 миңдейи айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG