Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеште эпидемиологиялык абалга байланыштуу экономика, коопсуздук ж.б. маселелерди карады. Бул күнү парламент вице-премьер-министрликке жана Саламаттык сактоо министрилигинин башына сунушталгандардын талапкерлигин карай турган болду.

Жанарбек Акаев: Азыр иш жок. Батирде жашагандар кыйналып жатат. Көчөгө чыкса милийса кууйт, үйгө келсе үйдүн ээси кууйт. Алар иштебей отурса кантип төлөйт ижара акыны? Ошон үчүн өзгөчө абал бүткөнчө куубасын деген пункт киргизип коелу.

Өкмөттүн түшүндүрмөсү боюнча 218-беренеге өзгөртүүлөр кирип атат. Анда өзгөчө абалда же эпидемиологиялык кырдаалда тамак-аштын баасын кымбаттаткандарга айып жогорулайт. Физикалык жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом. Ошол эле шарт дары-дармек саткандарга да иштейт.

Улукбек Ормонов: Тамак-ашка олуттуу карайлы. Ишкерлерге рахмат айталы кайра. Аларды кысып атып, таптакыр эч нерсе жок калбасын.

Юстиция министри Марат Жаманкулов бул убактылуу чара экенин, анткени жарандардан тамак-аш баасы негизсиз жогорулап жатканы тууралуу арыздар түшүп жатканын айтып жооп берди.

Мыйзам кабыл алынса обсервация жана карантиндин эрежелерин бузгандар 30 миңден 60 миң сомго чейин айып пул төлөй турганы маалым болду. Депутат Сайдулла Нышанов Кыргызстан мындай абалда көпкө жашай албасын, андыктан тартипке баш ийбегендерди катуу жазалоо керектигин айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG