Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеште эпидемиологиялык абалга байланыштуу экономика, коопсуздук ж.б. маселелерди карады. Бул күнү парламент вице-премьер-министрликке жана Саламаттык сактоо министрилигинин башына сунушталгандардын талапкерлигин карай турган болду.

Алмаз Темирбек

Керегем сага айтам....

Оору жугузгандар менен тартип бузгандарды эсептеп отура бергенден башка да иш кылып жатасыңарбы?

Доллар 83 сом болду. Улуттук банктын төрагасы Абдыгулов менен премьер-министр Абылгазиев 73 сомдон ашпайт дешти эле... Себебин түшүндүрө алышпай, үн ката албай отурушат.

Азык-түлүктүн баасы асман чапчыды. "Ызы-чуу болбогула баары жетиштүү" - деп базар кыдырып бакылдаган Балбак Тулобаевден дайын жок. Антимонополия бааларды көзөмөлдөмөк тургай жиги билинбейт.

Өкмөт элдин абалын жеңилдетүү боюнча антикризисттик программа иштеп чыгып, экономиканы өнүктүрүү жаатында кескин бурулуш чарасын көрбөсө, кырдаал социалдык жарылууга жеткирет...

Бюджет 32 миллиард сом жоготту. Быйылкы карызды төлөөгө дагы 20 миллиард сомдон ашык каражат керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG