Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:24

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеште эпидемиологиялык абалга байланыштуу экономика, коопсуздук ж.б. маселелерди карады. Бул күнү парламент вице-премьер-министрликке жана Саламаттык сактоо министрилигинин башына сунушталгандардын талапкерлигин карай турган болду.

Алтынбек Сулайманов: Чектөөлөр эч качан жакшылыкка алып келбейт. Атаандаштык болбосо өнүкпөйт. Бул мыйзамдын артына монополия кыла турган күчтөр жатат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жалпы эсепке түшкөн акчанын 38 млн. сому дарыгерлер үчүн жумшала турганын билдирди.

Мирлан Жээнчороев: Мыйзам бузган киши 17 миң сом төлөп коюп кетип калат. Силер чоң бизнести коргоо үчүн кабыл алып жатасыңар. Муну менен орто жана кичи бизнести өлтүргөнү жатасыңар. Бизге азыр жумуш орду керек. Ошол эле Орусия Федерациясын коргогон мыйзам болуп жатат. Ошондуктан бул жерин алып салгыла.

Эмил Токтошев: Бул мыйзам лобби. Аткезчиликке каршы деп атасыздар. Бирок айып НДСтин суммасынан аз болуп жатпайбы. Андай болсо айып төлөп койгон жеңил болуп жатпайбы. Муну шашпай караш керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG