Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Британиянын премьер-министринен коронавирус табылды


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. 26-март, 2020-жыл.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. 26-март, 2020-жыл.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондон коронавирус табылды. Бул тууралуу 27-мартта ал өзү кабарлады.

Өкмөт башчынын айтымында, анда оорунун жеңил белгилери байкалган. Абалы канааттандырарлык. Ошондуктан 55 жаштагы Жонсон өкмөттү башкарууну резиденциясынан чыкпай уланта берет. Буга чейин Британиянын ханзадасы Чарлз да ушул илдетке кабылган.

Бир күн мурда Орусиянын Эл артисти Лев Лещенко COVID-19 илдетине чалдыкканы маалым болгон. Анын абалы оор экени кабарланууда. Ошондой коронавирус жугузуп алган атактуулардын арасында актер Идрис Элба, ырчы Пласидо Доминго, орусиялык жазуучу Борис Акунин да бар. Актер Том Хэнкс аялы экөө бул оорудан айыгып чыгышты.

Буга чейин коронавируска Германиянын канцлери Ангела Меркел да тест тапшырган. Анын биринчи анализи таза чыкты. Учурда экинчисин күтүп карантинде отурат.

XS
SM
MD
LG