Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Москва соту тыңчылык боюнча шек саналган Уиландын абак мөөнөтүн узартты


Пол Уилан 2018-жылдын аягында камалган.
Пол Уилан 2018-жылдын аягында камалган.

23-мартта Москва шаардык сотунда камактагы америкалык жаран Пол Уиландын иши боюнча баштапкы соттук жыйын өттү. Иштин өзү качан карала баштай тургандыгы азырынча белгисиз. Буга чейин Жогорку сот судьяларга өтө зарыл эмес иштерди 10-апрелге чейин карабай турууну сунуш кылган.

Соттук жыйында судья Пол Уиландын абактагы мөөнөтүн 13-сентябрга чейин узартты. Москва шаардык соту буга чейин да анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтөрдү канааттандырган эмес.

Кошмо Штаттарынын Орусиядагы элчилиги «Твиттердеги» баракчасына соттук жыйын маалында Пол Уилан менен АКШнын, Британиянын жана Ирландиянын Орусиядагы элчилери жолуга алганын жазды.

Бир эле учурда Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон, мурдагы деңиз аскери Пол Улиан 2018-жылы 28-декабрда кармалган. Ага америкалык атайын кызматтардын пайдасына тыңчылык кылган деген айып коюлган. Колго түшкөн маалында мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтар табылганы айтылган. Уилан күнөөсүн мойнуна алган эмес жана «саясаттын курмандыгы болуп калганын» айткан. Ал камакка алынган маалда АКШдагы ишкананын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеп жүргөн.

XS
SM
MD
LG