Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Eurovision-2020 ыр сынагы өтпөй калды


Коронавирус пандемиясына байланыштуу Нидерланддын Роттердам шаарында «Eurovision-2020» ыр сынагы өтпөй калды. Бул тууралуу 18-мартта сынактын расмий сайтында маалымдалып, акыркы бир нече аптада концертти өткөрүш үчүн башка варианттар да караштырылып жатканын билдиришти.

Уюштурууга жооптуу Европа телерадиоберүү бирикмеси мындай чечимге «COVID-19 вирусунун бүтүндөй Европага жайылышы, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен Нидерланд бийлигинин чектөөсү» себеп болгонун маалымдады.

Роттердам шаары бул конкурсту 2021-жылы уюштурууну өтүнө турган болду.

«Eurovision» сынагы - 1956-жылдан бери өткөрүлүп келаткан популярдуу шоу. Былтыр Израилде уюштурулуп, нидерланддык Дункан Лоуренс жеңүүчү болгон. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

Быйылкы концерт 12-16-майга белгиленген болчу.

XS
SM
MD
LG