Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Казакстанда дагы бир адамдан коронавирус табылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Казакстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусу дагы бир адамдан табылды.

Бул тууралуу Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдирип, бейтап 12-мартта Нур-Султанга Италиянын Милан шаарынан учуп келгенин айтты.

Аны менен кошо учактагы 90 жүргүнчү карантинге алынды. Мунун алдында Германиядан бир нече күн мурда келген эки казак жараны коронавирусту жугузуп алганы аныкталган.

«Алар Алматыдагы стационарга жаткырылды. Клиникалык белгилери жок. Абалы жакшы. Керектүү чаралардын баары көрүлүп жатат», - деп билдирди Биртанов.

Соңку маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирусту 134 миңден ашуун адам жугузуп алды. Каза болгондордун саны 4 миңден ашты. Жаңы вирус кеминде 110 өлкөдө табылды. Илдеттен 68 миңдей адам айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG