Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Грузия жана Британия Орусиянын чалгын кызматын айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Башкы штабынын Башкы чалгын башкармалыгы – ГРУну былтыр сентябрь-октябрь айларында грузиялык серверлерге коюлган масштабдуу чабуулга жооптуу деп айыптады.

Грузиянын тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүнө караганда 2019-жылдын 28-октябрында өлкө президентинин, расмий мекемелердин, коммерциялык компаниялардын жана маалымат каражаттарынын сайттары бутага алынган.

«Киберчабуул Грузиянын улуттук коопсуздугуна шек келтирип, өлкөнүн элине, мамлекеттик мекемелердин ишмердигине залакасын тийгизүү максатын көздөгөн» деп айтылат. Билдирүүдө белгиленгендей, киберчабуулга ГРУнун тиешеси бар экени атайын иликтөөдө аныкталган. Иликтөөгө эл аралык өнөктөштөр, алардын ичинде Британия катышкан.

Британ тышкы иштер министри Доминик Раабдын билдирүүсүндө «киберчабуулдар эч бир келишкис» экени айтылат. Британия өнөктөштөрү менен ГРУнун «опурталдуу оюнунун» бетин ача берери баса белгиленет.

Былтыр октябрда Грузиядагы «Pro-Service» компаниясы чабуулга кабылган. Өлкөдөгү эң чоң компания мамлекеттик мекемелердин, соттордун жана башка бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын, менчик маалымат каражаттарынын веб-сайттарын тейлейт.

XS
SM
MD
LG