Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Кыргыз өкмөтү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу планын бекитти


Өкмөт Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынынын чечимин аткарыш үчүн атайын план бекитти. Ал планда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга байланыштуу иш-чаралар жазылган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанда 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Анын ичинен 5752 аялга, 393 эркекке жана 168 жашы жете элек балага коргоо ордерлери берилген.

2020-жылдын январь айында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. 1-январда Кочкор районунда 37 жаштагы аял, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапкан. Учурда бул эки кылмыш үчүн шек саналгандар кармалып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Азыр анын 33 жаштагы аялы ооруканада дарыланууда. Көп өтпөй Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 34 жаштагы келин күйөөсүнөн токмок жеп ооруканага түштү.

XS
SM
MD
LG