Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Индияда сойкулук үчүн өзбекстандык келин кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын Бхопал шаарында жергиликтүү полиция сойкулук кылган топту кармады.

Атайын операциянын жүрүшүндө төрт аял жана аларга көмөк көрсөткөн эки эркек киши колго түшкөн. Кармалгандардын арасында өзбекстандык келин бар. Ал жергиликтүү банктын менежеринин кумарын кандырып турган. Бул тууралуу Индия басылмалары жазышты.

Өзбекстандын жараны Делиде каттоодон өткөн, учурда анын документтери текшерилүүдө. Ал жөнүндө маалымат Индиядагы өзбек элчилигине берилген-берилбегени белгисиз.

Чет өлкөлүк басылмалар өзбекстандык кыз-келиндер Бириккен Араб Эмираттары, Түркия жана Индия сыяктуу өлкөлөргө күң катары сатылып жатканын байма-бай жазып келишет.

XS
SM
MD
LG