Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

УКМК: Алина Шаикова эл аралык издөөдө жүрөт


Алина Шаикова.
Алина Шаикова.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Коррупция» беренеси менен шек саналып жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова эл аралык издөөдө экенин кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, биометрикалык паспортторго бланктарды алууга байланыштуу тендердеги коррупцияга катышы бар адамдарды аныктоо иши уланууда.

Бул иш боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаевге, Данияр Бакчиевге жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаевге акчалай айыппул салынып, эркиндикке калтырылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-декабрда ушундай чечим чыгарып, Сарыбаев менен Абдуллаевге 270 миң сомдон, ал эми Мамкаттоонун статс-катчысы Данияр Бакчиевге 230 миң сом айыпка жыккан.

Атайын кызмат тергөөдө алар «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамды бузуп, мамлекеттин эсебинен жеке өздөрүнө материалдык пайда көрүш үчүн шарт түзгөндүгү аныкталганын билдирди. УКМК айыпталуучулар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алып, өкүнгөнүн эске алып сот ушундай чечим чыгарганын кошумчалады.

Мамкаттоо 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Бул чатактан соң германиялык компаниянын арызынын негизинде Жогорку сот «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.

Бул ишке байланыштуу Мамкаттоонун мурдагы төрайымы Алина Шаиковага былтыр август айында иш козголуп, ал өлкө аймагынан чыгып кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG