Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-январда чатак чыккан кыргыз-тажик чек арасынын Баткен облусунун аймагындагы бөлүгүндө абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик чек араны бойлой күзөт жүргүзүүнү улантышууда.

Чек арачылар укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирге чек арага канатташ жашаган тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Күч органдарынын ишин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев менен ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев көзөмөлдөп жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG