Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү чек арадагы кырдаал боюнча жолугушат


10-январда чыр чыккан Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.
10-январда чыр чыккан Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков башында турган делегация 14-январда Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушуу эки өлкө чектешкен аймакта өтөт. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, коопсуздукту бекемдөө, чыр-чатактардын алдын-алуу жана чек араны тактоо иштерин күчөтүү боюнча аракеттер талкууланат.

Мындай жолугушуу кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун 11-январдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө макулдашылган тартипте өтмөкчү.

Сүйлөшүүгө Кыргызстандан Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери баш болгон делегация катышары кабарланды.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Ошондон улам Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган. Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан.

Ошондон бери Баткен облусундагы Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен Көк-Таш, Орто-Боз сыяктуу айылдарда чыңалган абал сакталууда. Аймактагы күч органдары күчөтүлгөн тартипте коопсуздукка көз салууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG