Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:45

Ташиев: Жапаровду бошотуу боюнча президент менен сүйлөшкөм


Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуу маселеси боюнча президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу ал «region» телеканалына курган маегинде билдирди.

- Бул маселе боюнча Сооронбай Шарипович менен сүйлөшкөм. Ал кишинин Садыр тууралуу ою жаман эмес. Бир гана маселе Сооронбай Шарипович «муну мыйзам чегинде гана чечели» деп айтып жатат. «Мен бирөөгө бүгүн-эртең чыгарып кой. Же чыгарба дей албайм» деп айткан, - деди Ташиев.

Былтыр ноябрь айында Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурулган акыркы басма сөз жыйынында Жапаровдун арызы каралып жатканын жана мыйзам боюнча чечилиши керектигин айткан.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын март айында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Бул иште негизги жабырлануучу Эмилбек Каптагаев буга чейин Жапаровго эч кандай доосу жок экенин билдирген. 19-декабрда Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып акцияга чыгышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG