Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Бишкек: Медицина мекемелери 2-январда кадимки тартипте иштеп башташат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте саламаттыкты сактоо мекемелери, бейтапканалар 2-январдан тартып кадимкидей тартипте иштей башташат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн 31-декабрда бейтапканаларда күзөт бригадалары гана иштеп жатат. Эртең, 1-январда да ошондой эле иш тартиби сакталат.

Соңку бир апта ичинде Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны 5,5% өстү. Бул тууралуу 31-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү кабарлашты.

Ооругандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки балдар.

Бишкектеги Жугуштуу илдеттер ооруканасы 400 орунга эсептелген, алардын баары учурда толуп, батпагандар коридордо жатат. Бирок баары тең тиешелүү медициналык жардам алууда.

Кыргызстанда 2020-жылы 1-8-январь дем алыш күндөрү деп расмий жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG