Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

"Ахмадбайга" 12 миңдей адам 40,5 миллион долларын алдаткан


"Ахмадбай" деген ат менен таанымал ишкер Ахмад Турсунбаев 2016-жылы камакка алынган.
"Ахмадбай" деген ат менен таанымал ишкер Ахмад Турсунбаев 2016-жылы камакка алынган.

Өзбекстанда коомчулукка "Ахмадбайдын иши" деген таанымал окуяда 11710 адам жабырлануучу деп табылды жана алар жалпысынан 40,5 миллион долларын алдаткан.

Бул тууралуу Ташкент облусунун Мажбурлап аткартуу бюросунун өкүлү Бекзод Мангилев 17-декабрда кабарлады. Анын айтымында, бул кылмыш ишинин алкагында ишкер Ахмад Турсунбаевдин ири өлчөмдөгү акча каражаты, 30дай кыймылсыз мүлкү жана сегиз автоунаасы алынган жана анын мүлктөрү аукцион аркылуу сатылмакчы.

Өзбекстандагы эң ири каржы пирамидасын түзгөн ташкенттик ишкер Ахмад Турсунбаев 2016-жылы камакка алынган. Ага "акча талап кылуу, алдамчылык, алдоо жана ишенимге кирүү аркылуу бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, мыйзамсыз валюта топтоо, чет өлкөлүк акчаны катуу" өңдүү айыптар тагылып, былтыр жыл башында 13 жылга эркинен ажыратылган, бирок көп өтпөй мунапыс менен жазасынын төрттөн бири кыскарган.


Турсунбаев камалып, анын кеңсеси менен үйүн тинткенде эки оор жүк ташуучу автоунаага баткыдай акча чыкканы айтылган. Банкта "Ахмадбайдын" акчасын 40 кызматкер түн ортосуна чейин санап отурганы, жалпысынан 40 миллиард өзбек суму менен эки миллиондон ашуун доллар чыкканы кабарланган.

Ахмад Турсунбаев ишкерликти касапчылыктан баштаган, кийинчерээк канча акча алса үстүнө дагы ошончо акча кошуп берүү шарты менен элден акча жыйнаган. Ага автоунаасын, алтын буюм-тайымдарын бергендер да көп болгон.

Ахмад Турсунбаев камакка алынар алдында интернат, балдар үйүнө жардам берген кайрымдуулук иштери менен да элге белгилүү боло баштаган.

XS
SM
MD
LG