Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Беларустун Орусия менен интеграциясына каршы чыккан активисттер кармалууда


Интеграцияга каршы акция. Минск, 8-декабрь 2019-жыл
Интеграцияга каршы акция. Минск, 8-декабрь 2019-жыл

Минскиде Беларустун Орусия менен интеграциясына каршы акциялардын уюштуруучуларынын бири Павел Северинец кармалды. Бул тууралуу анын жубайы "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын маалыматына ылайык, "Европалык Беларус" деген жарандык өнөктүктүн координаторун да кармап кетишти. Анын себеби белгисиз.

20-21-декабрь күндөрү Орусия менен интеграцияга каршы болгондор Минскиде нааразылык акцияларын өткөрүүнү пландап жатышат. Шаршембиде алар билдирүү таратып, тартип коргоочуларды митингди таркатпоого, өлкөнүн суверенитетин коргоого чакырышты. 7-8-декабрь күндөрү беларус башкалаасында митинг жана жүрүштөргө жүздөгөн киши чогулган. Санкцияланбаган акцияны күч органдары кууп таркаткан эмес, бирок уюштуруучуларды милицияга чакырып жатышты.

7-декабрда президент Александр Лукашенко орус лидери Владимир Путин менен Сочиде жолугушкан. Ал эми 20-декабрда жетекчилер Санкт-Петербургда кездешкени жатышат. Орус бийлиги Союздук мамлекеттин алкагында эки коңшу ортосундагы интеграцияны тереңдетүүнү көздөп жатат. Беларус оппозициясы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өлкө көз карандысыздыгын жоготуп коёт деп чочулайт.

XS
SM
MD
LG