Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Саясатчы Равшан Жээнбеков эки айга камалды (видео)


Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу саясатчыга күбөлөрдүн гана көрсөтмөсү менен кине тагылганын кошумчалады.

Мунун алдында Равшан Жээнбеков өзү журналисттерге кыскача маек куруп, аны бирөөнүн курулай сөзү менен гана айыптап жатышканын айткан. Ал бийлик коррупция менен күрөшө албай, жакырчылыкты жеңе албай калганда демократиялык көз караштагы саясатчыларды камоо менен алектенип жатканын кошумчалаган.

Равшан Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан кармалган. Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланды.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG