Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

HRW Өзбекстанды түрмөлөрдөгү кыйноону токтотууга чакырды


Өзбекстандагы аялдар түрмөсү.
Өзбекстандагы аялдар түрмөсү.

«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоочу уюм Өзбекстанды түрмөлөрдөгү кыйноого жана ырайымсыз мамилеге чекит коюуга чакырды. 10-декабрда жарыяланган баяндамада уюм расмий Ташкенттин эл аралык өнөктөштөрүн өлкө жетекчилиги менен жолугушууларда бул маселени козгоп турууга үндөдү. «Өзбекстан менен мамилелер кыйноону жоюу аракеттерине көз каранды болору айтылууга тийиш», деп белгиледи «Human Rights Watch».

Айдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун комитети Өзбекстан боюнча документинде 2017-2018-жылдары кыйноо тууралуу арызданып, прокуратурага кайрылгандар 10 эсе көбөйгөнүн билдирген. Комитет ырайымсыз мамиле үчүн жоопко тартылган кызмат адамдарынын саны ошол эле бойдон калганына камтама. Отчетто конкреттүү маалымат келтирилген эмес.

Комитет кыйноодон улам абакта көз жумган адамдар тууралуу кабардар экенин белгилеп, бирок андай учурлардын санын келтирген жок.

XS
SM
MD
LG