Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

USAID Кыргызстандын кургак учукка каршы кызматын санарипке өткөрүүдө


Сооронбай Жээнбеков кургак учукка каршы ооруканада. 5-декабрь, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков кургак учукка каршы ооруканада. 5-декабрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын Кургак учукка каршы кызматы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) техникалык жардамы менен толук бойдон санарипке өтө баштады.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин кургак учукту дарылаган бир катар ооруканаларда пилоттук режимде маалыматтык системаны иштете баштаган. Эми бул тажрыйба жалпы тармакка жайылтылганы турат.

5-декабрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Улуттук фтизиатрия борборуна барып, маалыматтык системанын сапатын жана ыңгайлуулугун көрүп чыкты.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, кургак учук дарылануучу оорукананын 93 жылдык тарыхында биринчи жолу бул мекемеге мамлекет башчысы өзү барып, иши менен таанышты.

Санариптик ыкма дарыгерлердин ишин кыйла жеңилдетип, дарылоонун сапатын арттырууга өбөлгө түзөрү айтылды. Мисалы, Кара-Балтадагы кургак учукка каршы республикалык оорукананын директору Замира Карасартованын айтымында, мурдагыдай түрдүү кагаздарды толтуруу убакытты албай калгандыктан эки эсе көбүрөөк бейтаптарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Колдонула баштаган маалыматтык санариптик базаны коргоо чаралары көрүлгөн. Анын Мамлекеттик каттоо кызматы, Социалдык фонд жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен «Түндүк» электрондук системасы аркылуу байланышы камсыз кылынган.

25-октябрда Кыргызстанда кургак учукту дарылоого багытталган жаңы долбоор иштей баштады. USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырыла турган долбоордун алкагында АКШ өкмөтү бөлүп берчү 18 млн. доллар кургак учуктун дарыга туруктуу формасынын жайылышын токтотууга пайдаланылат. Мөөнөтү - 2019-2024-жылдар.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган.

Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар. (RK)

XS
SM
MD
LG