Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Матраимов депутаттык комиссиядан чыкканын жарыялады


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамынан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Бул маалыматты такташ үчүн өзүнө телефон чалып байланыша алган жокпуз.

Ал социалдык тармактагы баракчасына Саймаитинин өлүмүнө Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн атын аралаштырып, атайын каралоо максатында маалыматтар таратылганын айткан.

«Ырас, биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы да окуяда ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм», деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү Искендер Матраимов комиссиядан чыгышы керек экенин, антпесе коомчулук анын ишине күмөн санай турганын айтып чыгышкан.

Жогорку Кеңеш 21-ноябрда уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзгөн.

Комиссия Саймаитинин өлтүрүлүшүн, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтөөнү ниеттенүүдө.

Матраимов ушул эле билдирүүсүндө бажыдагы коррупциялык иштер жана иниси, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча айтылган маалыматтарды четке кагып, «алар жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянышкан» деди.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Эки иликтөөдө тең Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталат. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси. Искендер Матраимов буга чейин май айында чыккан иликтөөдө Матраимовдорго байланыштуу маалыматтарды четке каккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG