Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

Мамдума адамдарды «чет өлкөлүк агент» катары аныктаган мыйзам кабыл алды


Мамлекеттик Дума.
Мамлекеттик Дума.

Орусияда Мамлекеттик Дума 21-ноябрдагы сессиясында жеке тараптарды «чет өлкөлүк агент» деп аныктай турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Документти 311 депутат колдоп, төртөө добуш берүүдөн карманды.

Мыйзам долбооруна ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук-саясий абал тууралуу материалдарды тараткан же ошондой материалдарды даярдоого катышкан, ошондой эле чет өлкөдөгү орусиялык юридикалык тараптардан акча же мүлк алган, башка мамлекеттердин каржы булактарынан каржыланган жеке тараптар, башкача айтканда журналисттер, блогерлер «чет өлкөлүк агент» болуп таанылат. Мындай адам деп таанылгандар кийин макала, маалымат жарыялаганда «чет өлкөлүк агент» экенин улам-улам белгилеп турушу керек. Мыйзамды бузгандарга миллиондогон айып пул салынат.

«Чет өлкөлүк агенттерди» Юстиция министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен кошо аныктайт.

Өткөн айда Юстиция министрлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын «Коррупция менен күрөш фондун» «чет өлкөлүк агенттер» тизмесине киргизген.

«Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Былтыр ноябрдан тартып чет жактардан акча алган жалпыга маалымдоо каражаттарын ал тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштады. Ал реестрде ушу тапта 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар.

XS
SM
MD
LG