Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

«Медиа Полиси Институту»: Саймаитинин өлүмү боюнча да «троллдор фабрикасы» иштеди


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Фейсбук» социалдык тармагынан кийинки күндөрү айрым фейк колдонуучуларды байкаган.

Kaktus.Media сайтынын «Түркияда кытайлык ишкер өлдү. Анын ысымын Матраимовдордун бизнеси менен байланыштырышкан» деген макаласынын «Фейсбуктагы» жарыясына атайын түзүлгөн аккаунттардан комментарийлер жазылган.

Маселен, 15 комментарийдин төртөө буга чейин фейк колдонуучулар экени аныкталган. Алар Оштогу «Азаттык» радиосунун операторуна кол салуу боюнча жарыяда да Матраимовду колдогон мааниде пикир калтырышкан.

«Медиа Полиси Институту» мындай талдоо Интернет колдонуучулардын медиа сабаттуулугун арттыруу, фейк аккаунттарды айырмалай билүү үчүн жасап жатканын белгилейт.

Жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Алгач Кыргызстанда ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы белгилүү болгон. Түркиянын Адана шаардык полициясынын башчысы Аднан Кылыч «Азаттыкка» кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экенин кабарлаган.

Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG