Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

АКШнын чабарманы Кабулга барды


Залмай Халилзад жана Абдулла Абдулла. Кабул, 2-сентябрь, 2019-жыл.
Залмай Халилзад жана Абдулла Абдулла. Кабул, 2-сентябрь, 2019-жыл.

Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Кабулда ооган жетекчилери менен жолугушту. АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» менен дээрлик бир жылдык тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтотуп койгондон бери дипломат ооган жергесине биринчи жолу барышы. Анын алдында диалогду жандандыруу аракеттеринин алкагында Халилзад Пакистанда талибдердин өкүлдөрү менен да кездешкен. 27-октябрда президент Ашраф Гани жана аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулла менен сүйлөшүүлөрдө узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүнүн жолдору талкууланды.

Халилзад менен «Талибан» кыймылынын делегациясы Дохада жүргүзгөн сүйлөшүүлөр максатына жетип калды деген кезде Трамп чабарманын чакыртып алган. Себеп катары талиб согушкерлеринин чабуулунан америкалык аскердин курман болушун атаган.

22-октябрда Кошмо Штаттар, Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Европанын 5 мамлекети биргелешкен билдирүүдө Ооганстанда тынчтык орнотуу далалатын кайталашкан.

XS
SM
MD
LG