Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Футбол: Кыргызстан Монголия менен ойнойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасы менен беттешет. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби менен жеңилген. 10-октябрда, Бишкекте өткөн экинчи оюнда Мьянманы 7:0 эсеби менен утуп, үч упайга ээ болду.

Учурда F тайпасындагы эки оюнда алты упай топтогон Жапониянын курама командасы жадыбалдын сап башына чыкты. Эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы экинчи орунда. Үч упай менен Кыргызстан үчүнчү орунда. Монголия төртүнчү, Мьянма бешинчи орунда турат.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат. (GT)

XS
SM
MD
LG