Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

Европа Кеңеши Түркиянын мигранттар тууралуу билдирүүсүн опуза деп атады


Дональд Туск.
Дональд Туск.

Европа Кеңеши Түркиянын мигранттар тууралуу билдирүүсүн опуза катары баалады. Уюмдун жетекчиси Дональд Туск журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып түрк президентинин сириялык качкындарга чек араны ачып, Европаны көздөй өткөрүү тууралуу билдирүүсүн орунсуз деп мүнөздөдү:

- Менин реакциям катуу болду, бул таптакыр орунсуз. «Качкындар куралданган жана алар бизди опузалаш үчүн колдонулат» деген аныктаманы биз таптакыр кабыл ала албайбыз.

Тусктун пикиринде, Түркиянын соңку операциясы Сириядагы абалды ого бетер курчутушу ыктымал. Ошондуктан ал Эрдоганга коопсуздук маселесин саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнү сунуш кылды.

Анкара чек арага жакын жердеги сириялык күрддөрдү бутага алган «Тынчтыктын булагы» аттуу аскердик операциясын 9-октябрда баштаган.

Түркия күрд күчтөрүн террорчулар деп атайт, ал эми АКШ аларды «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөшкө чоң жардам берген өнөктөштөр деп эсептейт.

10-октябрда түрк президенти Европа Биримдигине кайрылып: «Эгер силер биздин операцияны «бастырып кирүү» деп атай турган болсоңор, анда биз жөн гана чек араны ачып коёбуз да, силерди көздөй 3,6 миллион качкынды жолго салабыз» деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG