Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

АКШнын Украина боюнча экс-өкүлү Конгрессте көрсөтмө берет


Курт Волкер.
Курт Волкер.

АКШнын Украина боюнча мурдагы чабарманы Курт Волкер 3-октябрда, Өкүлдөр палатасынын үч комитетинин жабык жыйынында АКШ менен Украина президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу конгрессмендердин суроолоруна жооп берет.

Өткөн айдын аягында Курт Волкер кызматтан күтүүсүз кеткен. Анын алдында Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин телефондук сүйлөшүүсүнө байланыштуу саясий жаңжал чыккан. Анда Трамп Зеленскийден өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу «Украинада эмне иш кылып жүргөнүн» иликтөөнү талап кылганы айтылган. Вашингтон Киевге 400 миллион долларлык аскердик жардамды да убактылуу токтотуп койгону ачыкка чыккан.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы бул окуядан улам Дональд Трампты «кызмат абалынан кыянат пайдаланды» деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

Трамп буга макул болбой, ал демилгени «президентке ыдык көрсөтүү» деп баалап жатат.

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болуп калышы мүмкүн деген саясатчылардын бири.

XS
SM
MD
LG