Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Флай «Азаттыкка» байланыштуу жагдайды тез арада иликтөөгө чакырды


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай. 29-август, 2019-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай. 29-август, 2019-жыл.

«Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флай «Азаттыктын» кызматкери кол салууга кабылып, жабдууларынын каракталышына байланыштуу «Твиттерге» пикир калтырды.

«Бул дем алыштарда Ошто журналист Айбек Кулчуманов кол салууга дуушар болуп, кол салгандар анын жабдуусун тартып алышкан. Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн тез арада иликтөө жүргүзүп, анын жабдуусун бошотууга чакырабыз», - деп жазды ал.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Окуяны Ош шаардык ички иштер башкармалыгы териштирүүдө.

Ошол күнү тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Дарыгерлер Кулчумановдун саламаттыгын текшерип, ал дарыланышы керек экенин билдиришти.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флай 29-августта Кыргызстанга келип, аны мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кабыл алган. Ал журналисттерге берген комментарийинде «Азаттык» радиосу туш болуп жаткан чабуулдарга карабай, коррупцияны ашкерелеген иликтөөлөрүн мындан ары да уланта берерин айткан.

Президент Жээнбеков да «Азаттыктын» журналисттик иликтөөлөрү коррупция менен күрөштө абдан маанилүү экенине токтолуп, аларга такай көз салып турарын жана андагы айрым фактылар боюнча чоң иштер жасалып жатканын белгилеген. (SE)

XS
SM
MD
LG