Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:55

АКШнын улуттук чалгынынын жетекчиси Конгрессте суроолорго жооп берет


Жозеф Магуайр.
Жозеф Магуайр.

АКШнын улуттук чалгын директорунун милдетин аткаруу Жозеф Магуайр президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштоого алып келген, украин президенти менен сүйлөшүүсү тууралуу маалыматтын мазмунуна байланыштуу 26-сентябрда биринчи Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде суроолорго жооп берет. Андан кийин Сенаттын Чалгын комитетиндеги жыйынга катышат. Сенаттын жыйыны жабык өтөт.

Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. Украинадагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган Трамп Зеленскийден мурдагы Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү суранган.

Мазмуну суроо жараткан бул сүйлөшүүдөн кийин Улуттук чалгын ички иликтөөсүн баштаган. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөнүнө карабастан мекеменин башчысы Жозеф Магуайр Конгресске иликтөө жөнүндө маалымат берүүгө тыюу салганы кабарланган. Бул тууралуу аты белгисиз инспектор Конгресске маалымат жөнөткөн.

Жо Байден - 2020-жылдагы шайлоодо Демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып келет. Президент Барак Обаманын тушунда ал АКШнын Украинадагы иштерин да көзөмөлдөгөн. Анын уулу Хантер Байден 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараяны баштала турганын жарыялаган. Ал Трамптын украин президенти Владимир Зеленскийден мурдагы америкалык вице-президент Жо Байдендин үй-бүлөсүнө иликтөө жүргүзүүнү суранганын улуттук коопсуздукка жана таза шайлоого карата кылган чыккынчылык катары баалаган.

АКШнын Юстиция министрлиги беш барактан турган стенограмманын сүрөт нускасын Ак үйдүн сайтына жарыялады. Анда АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский 25-июлда телефондон сүйлөшкөн.

Андагы жазууларга ылайык, Трамп Жо Байден өзүнүн уулу иштеген «Бурисма» компаниясына байланыштуу иликтөөнү токтотуп салганын эскерткен. АКШнын президенти украин мамлекет башчысынан башкы прокурор менен кошо бул ишти иликтеп чыгуусун өтүнгөн. Зеленский Киев ишти иликтөөгө аларын айткан.

XS
SM
MD
LG