Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Азери-армян министрлери Тоолуу Карабак чатагын талкуулашты


Тоолуу Карабак согушунда 30 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.
Тоолуу Карабак согушунда 30 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.

АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн келген Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Эльмар Мамедъяров менен Зограб Мнацаканян жолукту. Жолугушууга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрү да катышты.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта Мнацаканян анда Азербайжанда кармалып турган армян жарандарын кайтаруу маселесин көтөрдү. Мамедъяров болсо жолунан адашып Тоолуу Карабактын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагына кирип кеткенде атып өлтүрүлгөн азери жоокерин сөз кылды.

1990-жылдардын башында Азербайжанда армяндар басымдуулук кылган Тоолуу Карабакты Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алган.

Кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан. Жүздөгөн тургундар үй-жайын таштап көчө качкан.

Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине эмгиче доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG