4-9-сентябрь, 2019-жыл.
Шииттердин майрамы, гранатадан качкан бала
Өткөн аптанын орчундуу окуялары сүрөттөрдө.

1
Индиялык аскерлер ыргыткан жаш агызуучу гранаталардан качып бараткан кашмирдик бала.

2
Шиит зыяратчылары шиит мусулмандарынын ыйык күнү болгон Ашура майрамынын алдында өздөрүн камчылап жатышат. Ирак.

3
Словакиянын түштүгү Стара Баста аймагын каптаган таңкы туман.

4
Кабулдун эски шаарындагы базарда колдо жасаган арабасынын үстүндө отурган жаш жумушчу.

5
Пешвардагы окуяларды эскерүү күнүнө карата машыгып жаткан пакистандык аскерлер.

6
Кызыл аянтка жакын жайгашкан имаратта орнотулган чоң күзгүдөгү көрүнүш. Москва.

7
Флориданын Дейтон-бич шаарынын тургундары милдеттүү түрдө эвакуацияланган. Күчтүүлүгү эң жогорку 5-категориядагы «Дориан» ураганы шаардын 90 чакырым узундуктай жээгинен 4-сентябрда өткөн.

8
Өрт өчүрүп жаткан аскер. Бразилия.

9
«Дориан» ураганы сындырган учак жолдун четинде турат.

10
Кот Д'ивуардагы автоунаанын артына тартылган Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтү.

11
Кабулда болгон жардыруудан жабыр тартып, ооруканада жаткан аял.

12
Таитинин жээгиндеги толкундар.