Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Беслан трагедиясына 15 жыл болду


Беслан шаарындагы теракт курмандыктарын эскерүү.
Беслан шаарындагы теракт курмандыктарын эскерүү.

Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепте 1 миң 128 киши барымтага алынган окуядан бери 15 жыл өттү. Жылдагыдай жекшембиде шаарда эскерүү иш-чаралары өттү. Мемориалга айландырылган мектептин урап калган спортзалынын жанына курман болгондордун жакындары, барымтадан куткарылгандар чогулду.

2004-жылдын 1-сентябрында чечен согушкерлери Бесландагы №1 мектепте Билим күнүнө арналган жыйналышка чогулган балдарды, ата-энелерди, мугалимдерди барымтага алышкан. Террорчулар орусиялык аскерлерди Чеченстандан чыгарууну талап кылышкан.

Барымтадагыларды жоочулар мектептин спортзалында кармап турушкан. 3-сентябрда бошотуу операциясы башталып, 334 киши, арасында 186 бала каза болгон. Ал окуя Орусиянын азыркы тарыхындагы эң кандуу теракт болуп калды.

Расмий маалымат боюнча кол салган террорчулардын бирөө эле – Нурпаши Кулаев тирүү калган. Өмүрүнүн аягына чейин кесилген Кулаев окуяга тиешеси жок экенин айткан.

15 жылдан кийин да мектептеги барымтага алуу, өзгөчө чабуулду баштоо көптөгөн суроолорду жаратууда. Расмий версияга ылайык барымтадагыларды бошотуу максатында имаратка чабуул коюу боюнча чечим террорчулар спортзалдагы жардыруучу заттарды ишке келтире баштагандан кийин кабыл алынган. Башка маалыматтар боюнча жарылууга спортзалдын аткыланышы себеп болгон.

2017-жылы Европа соту орус өкмөтүн курман болгондордун жакындарына үч миллионго жакын евро төлөп берүүгө милдеттендирген. Сот «бийлик чабуулду ишке ашырууда барымтадагылардын өмүрүнө коркунучту мүмкүн болушунча азайта алган эмес» деп бүтүм чыгарган.

XS
SM
MD
LG