Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Илмияновдун соту дагы жылдырылды


Илмиянов сот залында.
Илмиянов сот залында.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун соту 29-августта улантылат. Мындай чечимдин кабыл алынышына Илмияновдун ишинде шектүү катары өтүп жаткан Руслан Шакировдун жактоочулары келбей калганы себеп болду. Илмияновдун соту буга чейин да эки жолу ар кандай себептер менен жылдырылган.

«Шоопур» деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (Bto/TSh)

XS
SM
MD
LG