Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Украинанын мурдагы президенти салык иши боюнча экинчи жолу сурак берди


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко Иликтөө боюнча мамлекеттик бюродо салыктан качуу ишине байланыштуу сурак берди. Ал 12-августта эки сааттык сурактан чыккандан кийин журналисттерге бардык суроолорго калпты аныктоочу детектор аркылуу да жооп берүүгө даяр экенин айтты.

- Мен Иликтөө боюнча мамлекеттик бюрого жана анын жетекчилигине ишенбейм. Менин тергөөчүлөр калыс жана адилеттүү болоруна көзүм жетпейт. Мага берилген бир катар суроолорго «Прямой» телеканалындагы түз эфирде калпты аныктоочу детектордон өтүп, жооп берүүгө даярмын, - деди Порошенко.

Украинанын Иликтөө боюнча мамлекеттик бюросунун башчысы Роман Труба бүгүн, 12-августта эми Порошенкого кийинки сурак калпты аныктоочу детектор аркылуу жүргүзүлө турганын билдирген. Бул - Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенконун аталган мекемеде экинчи жолу суракта болушу.

Порошенко быйыл апрелдеги президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Владимир Зеленскийге утулуп калган. Май айында, Зеленский ант берген күндүн эртеси Украинага учуп келген мурдагы президент Виктор Яуковичтин президенттик администрациясынын башчысынын орун басары Андрей Портнов Порошенкого каршы арыз жазган. Ал Порошенкону бийликти мыйзамсыз сактап алуу аракети, экономикалык жана башка кылмыштар үчүн айыптаган.

Петро Порошенконун «Европа тилектештиги»партиясы июлдагы кезексиз шайлоого катышып, 450 мандаттуу парламенттен 25 орун алган.

XS
SM
MD
LG