Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:31

Гонконгдо жапырт иш таштоо башталды


Гонконгдо нааразылык акциялары июнь айында башталган.
Гонконгдо нааразылык акциялары июнь айында башталган.

Гонконгдо 5-августта демократиячыл күчтөрдүн чакырыгынан улам массалык иш таштоо башталды. Бул акцияга аэропорт, темир жол кызматкерлери да кошулду. Ушундан улам кеминде 100гө жакын рейс үзгүлтүккө учурады. Поезддер каттабай калды.

Гонконгдун лидери Кэрри Лэм мындай каршылык акциялары шаарды жана анын жарым-жартылай автономиялуу макамын «өтө опурталдуу кырдаалга кептейт» деп эскертти:

- Кайсы бир талаптарды коюп жана кызматташуудан баш тартып, мындай кыйратууга баруу Гонконгдун укук тартибине олуттуу кедергисин тийгизет жана көпчүлүгүбүз өз колубуз менен курган биздин сүйүктүү шаарыбызды кыйын жагдайга кептейт.

Гонконгдо июнь айынан бери кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзамга каршы демонстрациялар өтүп жатат жана нааразылык акциялары кагылышуу менен коштолууда.

Бийлик документти кароону токтотуп койгону менен оппозиция долбоор парламенттен биротоло кайтарылып алынышын талап кылып келет.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

XS
SM
MD
LG