Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Халилзад: Кабулдагы сапарым жемиштүү болду


Залмай Халилзад АКШнын Кабулдагы элчилигинде. 28-январь. 2019-жыл
Залмай Халилзад АКШнын Кабулдагы элчилигинде. 28-январь. 2019-жыл

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад бул кызматка дайындалгандан бери Кабулга эң жемиштүү сапар жасаганын билдирди.

68 жаштагы дипломат кошуна Пакистанга, андан ары Катарга жөнөп жатканын 31-июлда айтты. Катардын борбору Доха шаарында Ооганстанда 18 жылдан бери токтобой келаткан согушка чекит коюу максатында «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөрдүн 9-айлампасы өтмөкчү. Дохада "Талибандын" саясий кеңсеси жайгашкан.

"Вашингтон менен Кабул жаңы кадамдарды макулдашты. Сүйлөшүүгө катышуучу жана техникалык көмөк көрсөтүүчү топтор аныкталды", - деп жазды "Твиттерге" Халилзад.

Кыймылдын маалымат катчысы Забихулла Мужахиддин айтымында, «Талибандын» сүйлөшүүлөргө катышкан жогорку өкүлдөрүнөн турган топ Жакарта шаарына бет алды.

"АКШнын чабарманы менен сүйлөшүүлөр алар кайтып келгенден кийин уланат", - деп кошумчалады Мужахид.

"Талибан" Кабул өкмөтүн "Батыштын кол баласы" деп атап, алар менен тикелей жолугушуудан баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG