Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Гонконг метросундагы зомбулуктан ондогон адамдар жабыркады


Гонконгдо жекшембиде өткөн демонстрация, 21-июль 2019-жыл.
Гонконгдо жекшембиде өткөн демонстрация, 21-июль 2019-жыл.

Гонконгдун Юньлон метро бекетинде бандиттер деп мүнөздөлгөн топтун ур-токмогунан кеминде 45 адам жараат алды. Окуя жекшемби күнү өкмөткө каршы кезектеги демонстрациядан көп өтпөй орун алды.

Жабыркаган жүргүнчүлөрдүн айрымдары бул акцияга катышкан соң үйлөрүнө кайтып баратышкан. Интернетке тараган видеолордон ак футболка кийген эркек балдардын тобу поездде жүргүнчүлөргө кол салганын көрүүгө болот.

Гонконгдун полициясы жекшембидеги акцияны желим ок, жаш агызчу газ колдонуп таркаткан болчу. Демонстранттар ал күнү өкмөт имаратына чейин барууну көздөшкөн эле.

Гонконгдо июндун ортосунан бери кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүнү караган мыйзамга каршы демонстрациялар өтүп жатат. Бийлик бул жобону кароону токтотуп койгону менен оппозиция документти парламенттен чакыртып алууну талап кылып келет.

Британиянын эски колониясы Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG