Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Путин Луганск жана Донецкидеги украиндерге орус жарандыгын берүүнү жеңилдетти


Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын жашоочуларына орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен берүү тууралуу буйрукка кол койду.

Апрелдин соңунда өздөрүн Луганск жана Донецк элдик жумурияттары деп атаган жикчил аймактардын тургундарына да ушундай укук берилген.

Украина жана Батыш Москванын мындай кадамын жаңы президент Владимир Зеленскийге каршы чагым катары баалашкан. Киев андай жол менен берилген паспортторду мыйзамсыз деп эсептерин эскертип келет.

Ал эми Киевдин көзөмөлүндөгү райондордо жашаган украиндер орус жарандыгын алгысы келсе Донбасстагы куралдуу кармаш башталган 2014-жылдын апрелине чейин сөз болгон эки облуста туруктуу жашаганын ырастаган документти көргөзүүгө тийиш.

17-июлда Зеленский Тышкы иштер министрлигине “дос өлкөлөрдөгү этникалык украиндерге” украин жарандыгын берүү механизмин иштеп чыгууну тапшырды.

БУУнун санактарына ылайык, Украинанын чыгышындагы жаңжалда 13 миңдей киши каза таап, 1,5 миллиондой киши жер которууга мажбур болгон.

Буга чейин Путин жеңилдетилген жол менен жарандык алууга укуктуу адамдардын тизмесине аннексияланган Крымда 2014-жылга чейин жашаган украиндерди, СССР убагында Орусияда төрөлгөн Ирак, Йемен, Сирия жана ооган жарандарын киргизген.

XS
SM
MD
LG