Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

АКШ Иранга жаңы санкцияларды киргизе турганын эскертти


Майк Помпео.
Майк Помпео.

Мындай эскертүү Иран өзүнүн өзөктүк программасын жандандыра турганын жарыялагандан кийин берилди.

«Ирандын акыркы кадамы анын мындан ары да изоляция болушуна жана санкцияларга алып келет. Өзөктүк курал менен куралданган Ирандын режими дүйнөгө мындан да коркунучтуу» деп жазды Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 7-июлда «Твиттердеги» баракчасына.

Помпео Ирандын акыркы аракеттерине АКШнын жообу кандай болору тууралуу бүгүн, 8-июлда Мамлекеттик департаментте өтө турган басма сөз жыйынында кеңири маалымат берилгени турат.

Иран 7-июлдан тартып уран байытууну 2015-жылдагы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67 % чектен ашырганын билдирген. Ошол эле кезде Тегеран дүйнөлүк алты держава менен түзүлгөн макулдашуудан толук чыкпай жана аны жокко чыгарууну көздөбөй турганын билдирип жатат.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, буга жооп иретинде Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек эле. Бирок былтыр АКШ президенти Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө келтирип, өз өлкөсү макулдашуудан чыгарын маалымдаган.

Ага улай Иранга салынган санкциялар калыбына келтирилип, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөдү.

XS
SM
MD
LG