Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Орусия Венесуэладагы аскерлерин чыгарарын билдирди


Орусиянын Коргоо министрлигинин «Ил-62» учагы. Каракас аэропорту, 24-март, 2019-жыл.
Орусиянын Коргоо министрлигинин «Ил-62» учагы. Каракас аэропорту, 24-март, 2019-жыл.

Венесуэладагы орус аскерлери өлкөдөн чыгып кетишүүдө. Бул тууралуу Каракастагы Орусиянын элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүк орусиялыктар план боюнча иш жүргүзгөнүн, 26-июнда алар «Ил-62» учагы менен Москвага кайтарын маалымдады. Каракастан канча киши келери так айтылган жок.

Буга чейин «Reuters» агенттиги Каракаска Орусия Коргоо министрлигинин учагы келгенин кабарлаган. Март айында ушул эле борт «Ан-124» учагы менен бирге Венесуэланын борборунун аэропортуна конгон. Анда Орусиядан 100 аскер кызматкери келгени кабарланган.

Венесуэлага орусиялык аскер учактарынын келиши Вашингтон менен Москванын ортосунда дипломатиялык талаш жараткан. Ак үй Кремлди «Венесуэланын ички ишине кийлигишип жатат» деп айыптаган. Орусия Каракаска курал-жарак сатуу келишимин тейлеген кызматкерлер гана келгенин билдирген.

Жыл башынан бери Венесуэлада оппозиционер Хуан Гуайдонун тарапташтары менен азыркы президент Николас Мадуронун ортосунда тиреш уланууда. АКШ, Европа жана Түштүк Американын көптөгөн өлкөлөрү Гуайдону Венесуэланын легитимдүү убактылуу президенти катары тааныган. Мадурону Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Куба жана Боливия колдоодо.

XS
SM
MD
LG