Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Бишкекте Монголиянын элчилиги ачылды


Чыңгыз Айдарбеков жана Халтмаагийн Баттулга.
Чыңгыз Айдарбеков жана Халтмаагийн Баттулга.

Элчиликтин ачылышына ушул күндөрү Бишкекте расмий сапар менен жүргөн Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Монголиянын башкы консулу Тогтох Ганболд катышты.

- Расмий сапардын алкагында элчиликтин ачылышы биздин өлкө монгол-кыргыз мамилелерине чоң маани бергенин ырастап турат, - деп айтты Монголиянын президенти.

- Монголия - Кыргызстан үчүн боордош өлкө. Эки элди бириктирген көп нерсе бар. Бул болсо мындан аркы кызматташтык үчүн жагымдуу базаны түзүп жатат, - деп белгиледи тышкы иштер министри Айдарбеков.

13-14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Жыйын соңунда уюмга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Орусияга өткөрүлүп берилет.

Саммитке Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Индиянын жана Пакистандын лидерлери келмекчи. Байкоочу макамына ээ болгон Ооганстандын, Беларустун, Ирандын жана Монголиянын президенттери да жыйынга катыша турганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG