Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Путин Петербургдагы форумда АКШнын саясатын кескин сындады


Орус президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы форумда, 7-июнь 2019-жыл.
Орус президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы форумда, 7-июнь 2019-жыл.

Орус президенти Владимир Путин АКШны "өзүнүн юрисдикциясын бүтүндөй дүйнөгө жайылтууга аракет кылып, соода жана чыныгы согушту тутандыруу тобокелчилигине барып жатат" деп айыптады.

Ал мындай оюн 7-июнда Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумда айтты. Путин эгер эл аралык нормалардын ордун бир өлкөнүн же таасирдүү мамлекеттер тобунун эрежелери баса турган болсо, "глобализациянын универсалдуу модели" маңызын жоготоорун айтты.

"Мындай модель мамлекеттер аралык байланыштын логикасына гана каршы келбестен, келечектеги кыйынчылыктарга каршы турууга да көмөкчү боло албайт", - деди Путин.

Ал ошондой эле "АКШны өзүнүн улуттук валютасын башка мамлекеттерге басым көрсөтүү үчүн колдонуп жатат" деп да күнөөлөдү.

Орус президентинин мындай сөздөрүнө Вашингтон жооп кайтара элек. Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман америкалык ишкер Майкл Калвинин кармалышына каршылык иретинде Санкт-Петербургдагы үч күндүк форумга катышкан жок. Февралда кармалган америкалык ишкер учурда үй камагында отурат.

XS
SM
MD
LG