Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев 22-апрелде Ошто өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышкан форумда бир да жетекчи уктабаганын айтты. Ал форумда президент катышкан учурда тартылган видеону карап чыгышканын билдирди.
- Урматтуу Сооронбай Шарипович катышкан убактагы видеону карап чыктык. Анда бир да жетекчи уктаган эмес экен. Бул туура эмес маалымат болуп жатат. Сооронбай Шарипович саат 10дон 12ге чейин болду. Форум түштөн кийин үч-төрт саатка уланган. Ошол убакта уктаган болсо аткаруу бийлиги чара көрөт болуш керек, - деди Дыйканбаев.
22-апрелде Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» деген темада форум болгон.
Кийин «президент катышкан жыйында аткаминерлер уктап жатат» деп социалдык тармакка облус жетекчилеринин, мамлекеттик кызматкерлердин бир катар сүрөттөрү Интернетке жарыяланган. (BTo)