Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:32

11-апрелде Нур-Султанда көп балалуу энелер кайра нааразылыкка чыкты


Нааразылыкка чыккан энелер. 11-апрель, 2019-жыл.
Нааразылыкка чыккан энелер. 11-апрель, 2019-жыл.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарындагы нааразылыкка чыккан энелер адегенде Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине, андан кийин Мажилиске барды. Алар өкмөт убада берген даректүү социалдык жардамды алуу кыйындап жатканы тууралуу даттанышты.

Энелер «21 миң теңге көлөмүндөгү жардам акы турмуш шартына карбастан ар бир балага берилиши керек, көп балалуу үй-бүлөлөр үй менен камсыздалышы зарыл» деген талаптарын айтты.

Мажилисте аларга үч депутат, ошондой эле эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары жолугуп, суроолоруна жооп берди.

Казакстанда көп балалуу энелер февраль айынан бери баш калаа Астанада жана өлкөнүн бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштурушту. Алар жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну жана башка бир катар маселелерди чечип берүүнү талап кылышкан.

Бул нааразылык акциялары 4-февралга караган түнү Астанада жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин башталган.

27-февралда Астанадагы «Нур Отан» партиясынын курултайында сөз сүйлөгөн ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев көп балалуу үй-бүлөлөрдүн ар бир баласына бериле турган жардамды 21 миң теңгеге чейин көтөрүүнү тапшырганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG