Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

НАТО Кара деңизде аскердик кемелерин көбөйтөт


Йенс Столтенберг. Вашингтон. 4-апрель, 2019-жыл.
Йенс Столтенберг. Вашингтон. 4-апрель, 2019-жыл.

НАТО Кара деңизде аскердик кемелерин жандантып, Украина менен Грузияда аскердик машыгууларын көбөйтөт. Бул тууралуу альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Вашингтондо билдирди:

- Биз «Кара деңиздеги коопсуздугубузду сакташ үчүн дагы кандай чара көрө алабыз?» деп талкууладык. Өзүбүздүн кырдаал боюнча маалымдоонун сапатын жогорулатууда комплекстүү чара көрүүнү макулдаштык. Ошондой эле Грузия, Украина менен аскер-деңиз күчтөрүн машыктыруу, окутуу жана маалымат алмашууну да күчөтөбүз.

Бир күн мурун АКШнын НАТОдогу өкүлү Кей Бейли Хатчисон альянс Кара деңизде украин кемелери Керч кысыгынан өтүүдө коопсуздукту сакташ үчүн аскер кемелерин көбөйтүүнү максат кылып жатканын билдирген.

Былтыр ноябрда аннексияланган Крымдын жээктеринен орусиялык чек арачылар Украинага таандык үч кемени кармап, андагы 25 деңиз аскерин туткундашкан. Аларды Орусия чек арасына мыйзамсыз кирди деп айыптаган.

Киев бул окуяны баскынчылык деп баалаган. Орусияны АКШ жана Батыш өлкөлөрү сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG