Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Саламаттык сактоо министрлиги: калктын 30% эрте көз жумат


Жугуштуу эмес оорулар, чылым тартуу, туура эмес азыктануудан улам өлкөдөгү калыктын 30 пайызы жаш кезде көз жумууда. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан "Жугуштуу эмес оорулардын проблемалары" аттуу эл аралык конференцияда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Жүрөк, кан тамыр, инсульт, кант диабети, онкологиялык дарттар өлкөдөгү жалпы өлүмдүн 81 пайызына себеп болууда. Төрөт курагындагы аялдардын 35 пайызы, бир жашка чейинки балдардын 43 пайызы аз кандуулук менен жабыркап жатат. Жетишсиз тамактангандан улам балдардын 12,9 пайызынын бою өспөй калууда. (Bch)

XS
SM
MD
LG