Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Казакстан «Boeing 737 MAX 8» учагынын каттамдарын убактылуу токтотту


«Boeing 737 MAX 8» учагы «Рентон» заводунда. 14-ноябрь, 2018-жыл.
«Boeing 737 MAX 8» учагы «Рентон» заводунда. 14-ноябрь, 2018-жыл.

Казакстан 13-марттан тарта «Boeing 737 MAX 8» учагын колдонууну убактылуу токтотту. Жарандык авиация комитети реестрде «Боингдин» бул үлгүдөгү бир эле учагы катталганын билдирди. Буга чейин бир катар өлкөлөр «Боинг» учактарынын «МАКС 8» деген түрүн каттамга коё берүүнү убактылуу чектешкен.

Жекшембиде Эфиопиядагы авиакырсыкта 157 кишинин өмүрү кыйылгандан кийин дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде ушундай чара көрүлүп жатат. Соңку алты айда бул үлгүдөгү экинчи учак кыйрады. Кошмо Штаттар ал учактарга тыюу салган жок, бирок «Боинг» компаниясынан учактын автоматташтырылган системасын модернизациялоону талап кылды.

Аддис-Абебадан Найробиге бараткан учак кабылган кырсыктын себептери аныктала элек.

XS
SM
MD
LG