Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Британия «Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учактарга тыюу салды


«Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учак.
«Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учак.

Британиянын Жарандык авиация башкармалыгынын 12-марттагы билдирүүсүндө «Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учактардын өлкөнүн аба мейкиндигине кирип-чыгышына уруксат берилбей турганы айтылат.

Британиянын чечими 10-марттагы учак кырсыгына байланыштуу кабыл алынды. Буга чейин Сингапур, Кытай, Австралия, Малайзия, Оман, Индонезия жана Эфиопия ушундай кадамга барган.

АКШнын Федералдык жарандык авиация башкармалыгы да «Боинг» компаниясынан учактарды башкарган автоматтык системаны модернизациялоону талап кылды.

Жекшембиде Эфиопияда «Боинг 737 MAX 8» учагы кыйрап, борттогу 157 кишинин баары каза тапкан.

«Ethiopian Airlines»​ авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы кыйрагандан кийин «Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү лайнердин коопсуздугуна байланыштуу суроолор келип чыкты. Былтыр октябрда ушул үлгүдөгү учак Индонезияда кырсыкка кабылып, океанга кулап түшкөн. Ал кырсыкта 189 кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG