Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:34

Кытай Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу комментарий берди


Серикжан Билаш.
Серикжан Билаш.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги шинжаңдыктардын укугун коргогон казакстандык активист Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу комментарий берди. Мекеменин расмий өкүлү Лу Кан 11-мартта "Рейтер" агенттигине Серикжан Билаш Казакстанга мыйзамсыз киргенин билдирди.

Ал активисттин Кытайда карызы болгонун, мындай кишилер "ар кандай нерсени ойлоп таап, чуу чыгарууга маш экенин" белгилеп, бирок эмне тууралуу сөз болуп жатканын толук айткан жок.

Серикжан Билаш Кытайдын Шинжаң аймагында туулган. Кийин Казакстанга келип, жарандык алган. 2017-жылы "Ата журт ыктыярчылары" уюмун түзүп, Кытайда кармалган улуттук азчылыктардын, кыргыз, казак, уйгурлардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруп жүргөн. Шинжаңда жакындары камакта калганын жана дайынсыз экенин айткан казакстандык, кытайлык кайрылмандардын катышуусунда тынымсыз маалымат жыйындарды уюштуруп келген.

Активист 10-марттын түнү Алматыда кармалып, Астанага жеткирилген. Эртеси сот аны үй камагына чыгарган. Эми ал эки айга чукул мөөнөттө үй камагында болот.

Астананын прокуратурасы активист өткөн айда Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга каршы жихадга чакырган" деген айыптын негизинде кармалганын билдирген.

Билаш өзүнө тагылган кинелерге макул эместигин жана тиешелүү органдарга даттанарын маалымдады. «Ата Журт ыктыярчылары» уюму Кытайдагы басым-кысым, Шинжаңда «саясий кайра тарбиялоо лагерлери» бар экенин алгачкылардан болуп жарыялаган.

Куугунтукка кабылып жаткандар мындай жайларды «түрмө, концлагерь» деп атаса, Кытайдын бийлиги «жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор» катары сыпаттап келет.

XS
SM
MD
LG